SlideShare una empresa de Scribd logo
1 de 6
Descargar para leer sin conexión
"Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы" коомдук бирикмесинин
(АРДИ) (мындан ары текст боюнча - АРДИ) 20 жыл ичиндеги жыйынтыктары.
Коомдук секторду өнүктүрүү
Ачылгандан бери АРДИ майыптык жаатында эксперттик уюм болууга жетише алды.
Өзгөчө майып балдары бар ата-энелерди мобилизациялоодо жана жаңы ачылган
уюмдарды колдоодо жагында. АРДИнин тажрыйбасынын аркасында Жалал-Абад
шаарында «Луч солнца» («Күн нуру») КФ, Бишкек шаарында «Луч добра»
(«Боорукердиктин нуру») КБ, «Жаңы Башат» КБ, «Мечта ребенка» («Бала кыялы») КБ,
Чүй областында «Особый ребенок» («Өзгөчө бала») КБ, Талас шаарында мүмкүнчүлүгү
чектелген балдардын укугун коргоо боюнча коомдук уюм негизделген. Талас областында
Everychild менен өнөктөштүктө 5 уюм жана майыптык менен иш алып барган башка ата-
энелердин коомдук уюмдары кеңештерди алышып, өздөрүнүн коомдук уюмдарын
негиздөө үчүн уставдык документтерин колдонушту.
2015-жылы 11-декабрда АРДИнин 20-жылдык мааракесинде мүмкүнчүлүгү чектелген
балдардын укугун коргоо боюнча Нарындагы ата-энелердин коомдук уюмдун төрайымы
Шарапат Актанова мындай деди: "Майып балдардын ата-энелери толук изоляцияда
калып, эмне кылаарын билбей калышканда, Тамара Жумабекова коомдук уюм түзүү
менен ата-энелерди бириктирди.
Өздөрүнүн көйгөйлөрү жана мүдөөлөрү менен майып балдардын ата-энелери АРДИге
мурда да, азыр да келишет. Мен жөнөкөй энеден активист, андан сырткары, АРДИнин
төрайымынын орун басары болдум, кийинчерээк Нарын областына көчүп барып,
мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо боюнча Нарындагы ата-энелердин
коомдук уюмун ачтым, уюм ачылганына быйыл 15 жыл болот.
«Саламатсыңарбы АРДИнин кызматкерлери! Сиздерди 20 жылдык юбилейиңер менен
куттуктаймын! Айрыкча менин жана башка көптөгөн ата-энелердин сиздерден өсүп
чыкканы, көп нерселерди айтып турат. Союз кулагандан кийинки жылдары, эл каякка
бараарын билбей тургандагы учурлар, жетип-жетпеген заман болуп, кыйналган учурда,
мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана ата-энелер үчүн чоң стимул бергенсиздер. Ата-
энелер балдары учун кам көрүшүп, алгачкы окуу-семинарлардан өтүшүп, гуманитардык
көптөгөн жардамдарды алганбыз. АРДИнин Кыргызстан учун жасаган эмгектери көп,
мындан тышкары чет мамлекеттерге чейин атыңар угулууда. Дагы көптөгөн ийгиликтерди
жаратып, аман-эсен жүрө беришиңерге тилектешмин. Айрыкча Тамара Жумабекованын
энелик эмгеги зор, Зейнеп Дыйканбаева кылып өстүргөн кызы да биз үчүн сыймык, үлгү
катары. Дагы көптөгөн сөздөрдү айтат элем убактым жок. Чын дилден куттуктаймын»
Шарапат Актанова Нарын.
Кызыл-Кыя шаарындагы "Луч солнца" («Күн нуру») КФ директору Халбаева Светлана.
Светлана Халбаева: "Азаматсыңар АРДИ, биздин фонддун иштеринин башатын сиздер
ачтыңыздар, рахмат!!!"
"Рука в Руке" («Колдогу Кол») КБ өзү негизделгенге чейин АРДИнин Күндүзгү
Борборунда ата-энелерди окутуу жана аутизм суроолору боюнча кеңеш берүү боюнча
ишмердүүлүк жүргүзүшкөн.
"Рука в Руке" («Колдогу Кол») КБ жетекчиси жана "Жаңырык" тармагынын төрайымы
Садыкова Жылдыз: "Сени жана АРДИнин бардык ынтымактуу жамаатын 20 жылдык
мааракеси менен куттуктайм!!! Силерге мындан аркы иштеги ийгиликтерди каалайм, биз
Сиздер менен сыймыктанабыз! Сиздер биздин өлкөдөгү ата-энелердин көптөгөн уюмдары
үчүн мисал болуп саналасыздар. Сиздер биздин балдардын укуктары үчүн күрөшүп
баштаган жана мыкты жетишкендиктерге жетишкен биринчилерден болуп калдыңыздар".
Улуттук "Жаңырык" тармагына биригүү
"Жаңырык" улуттук тармагы 2010-жылы АРДИнин демилгеси менен, ИККО
Кооперейшен/Керк ин Актинин финансылык жана техникалык колдоосу алдында
түзүлгөн.
Жаңырык тармагы ИККОКЕРК в in Actie колдоого алган 31 уюмдан турат жана алар
мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана алардын ата-энелери/үй-бүлөлөрүнүн абалын
жакшыртуу үчүн өз күчтөрүн бириктиришкен. Тармактын мүчөлөрү, Кыргыз
Республикасынын бардык региондорунда Калыбына келтирүүчү жана күндүзгү
Борборлорду ачкан тармактын мүчөлөрү үчүн АРДИ тажрыйбасы боюнча мастер
класстар, ошондой эле Жарандык Коом Борборлорунун Ассоциациясы (АЦПГО)
өнөктөштүгү алдындагы Орто Азиядан келген кесиптештер үчүн мастер класстар
өткөрүлгөн.
Мыйзам чыгаруу деңгээлинде
"Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден
соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү
социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарын бекитүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы №381
токтому менен, "Жаңырык" улуттук тармагынын долбоорунун алкагында, КР Эмгек
жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, "Майып балдардын ата-энелеринин
ассоциациясы" КБ (АРДИ) менен өнөктөштүктө "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын
ата-энелердин потенциалын күчөтүү", ИККО Кооперейшн/Керк ин Актинин финансылык
жана техникалык колдоосу алдында ишке ашырылган "Ар бир балага үй-бүлө" жана
"Нур-Бала" кабыл алынды.
Сорос-Кыргызстан фондунун финансылык колдоосу алдында "Билим берүү
программасынын" алкагында "Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы" КБ нын
(АРДИ) экинчи " Комплекстүү билим берүүчү башталыш - инклюзивдүү билим берүү
үчүн негиз" долбоору ишке ашырылууда.
Бул долбоордун алкагында "Майып балдар үчүн билим берүү стандарты" иштелип чыкты,
ал азыркы учурда иштеп бүтүрүү этабында. Бул стандарт үчүн майып балдардын
интеллектуалдык деңгээли негиз болуп калды.
АРДИ майыптык боюнча жана башка маселелер менен ар кандай ченемдик-укуктук
актыларга жана программаларга сунуштарды жана сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү, иштеп
чыгуу, талкуулоо боюнча активдүү катышат. Акыркыларынын бири: 2015-2017-жылдар
үчүн Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоосун өнүктүрүүнүн стратегиясы.
2012-2014-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоосун
өнүктүрүүнүн стратегиясы. Балдар туурасындагы кодекс, Мамлекет тарабынан
кепилденген юридикалык жардам туурасындагы Мыйзам долбоору (ГГЮП). Жарандык,
жазык кодекстеринин ж.б. долбоорлору. АРДИ КР мыйзамдарын, "Кайрымдуулук
уюмдары жөнүндө" жана "Мамлекеттик социалдык тапшырык" мыйзам долбоорлорун
жакшыртуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү. Демилгечи жана иштеп чыгуучу: КР
коммерциялык эмес укуктун Эл аралык борбору.
АРДИнин долбоорлору
20 жыл ичинде АРДИ майыптык боюнча 15 тен ашык долбоорду жүзөгө ашырды. Азыркы
учурда "Сорос-Кыргызстан" Фондунун колдоосу алдында эки долбоорду ишке ашырууда.
"Укуктук билимдүүлүк- мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнө жол" долбоору "Сорос-
Кыргызстан" Фондунун колдоосу алдында, "Майып балдардын ата-энелеринин
ассоциациясы" КБнын (АРДИ) "Укуктук программасынын" алкагында 2015-жылдын май
айынан бери ишке ашырылууда. Долбоор туурасындагы маалымат:
http://www.kelechek.kg/ru/news/dostupkinfo/ жана http://soros.kg/archives/16824
"Майып балдарды мектептин алдында даярдоо – инклюзивдүү билим берүүгө жол"
долбоору, билим берүү программасынын алкагында. Долбоордун максаты: мектеп
алдындагы даярдыктын атайын ылайыкташтырылган программасын иштеп чыгуу менен,
майыптыгы бар балдарды мектепке чейинки курагынан баштап билим берүү чөйрөсүнө
тартуу. Бул атайын ылайыкташтырылган программаны АРДИ Күндүзгү борборунда
колдонуп көрүү жана Кыргызстандагы башка реабилатациялык борборлордо бул
тажрыйбаны жайылтууга мүмкүндүк түзүү. Долбоор 2015-жылдын ноябрь айынан бери
ишке ашырылууда жана долбоор боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
АРДИнин изилдөө ишмердүүлүгү
20 жылдын ичинде АРДИ майыптуулук маселелери боюнча көптөгөн изилдөө иштерин
жүргүздү. Мисалы, 2014-жылы 13-октябрдан 5-ноябрга чейин Адам укугу,
конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин 16.09.2014-
жылдагы чечими менен АРДИ Соттордун имараттары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү
чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болушуна мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу
топтун мүчөсү болду.
2012-жылы июнь-июлда АРДИ ПРООНдун "Кыргыз Республикасындагы мектеп
курагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды билим алууга жана кесиптик даярдоого
жетки укугун кармоого мониторинг жүргүзүү" изилдөөсү боюнча тартылган эксперти
болуп калды ж.б.
Эл аралык деңгээлде
АРДИ Disabled People International (DPI) менен кызматташтыкта БУУда майыптыгы бар
адамдардын кызыкчылыгын коргоду, Кыргызстандагы майыптык маселелери боюнча
докладчы катары чыкты жана Майыптыгы бар адамдардын укугу туурасында
Конвенциянын мүчө-мамлекеттеринин Конференциясынын бардык программаларына
катышты, Нью-Йорк, 2014-2015-жылдар, июнь айы. БУУ - майыптык жана майыптыгы
бар адамдардын укугун ишке ашыруу, кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемелер
аркылуу ала аласыздар: http://webtv.un.org/search/5th-meeting-convention-on-the-rights-of-persons-with-
disabilities-conference-of-states-parties-7th-session/3619938992001 жана http://webtv.un.org/search/part-2-civil-
society-global-forum/4285321709001?term=disability&languages=#full-text
АРДИнин өкүлдөрү өз профессионалдуулугун дайыма жогорулатып турушат жана
Финляндия, АКШ, Россия, Англия жана Японияда стажировкадан өтүп турушат, алган
билимдерин, мыкты практикаларды жана тажрыйбасын АРДИнин ишмердүүлүгүндө
колдонушат. Мисалы, майыптык боюнча стандарттарды жана программаларды иштеп
чыгуу.
АРДИ БУУнун Конвенциясынын активдүү жылдырат, башка коомдук уюмдар менен
биргелешип бул маселе боюнча ар кандай иш чараларды өткөрөт. Мисалы, 2014-жылы 18-
октябрда алтынчы - "Кайдыгерликке каршы жарыш" акциясы өткөрүлдү. Бул АРДИде
жаралган "Жаңырык" Улуттук тармагынын эгидасы алдында өттү, анын идеялык
шыктандыруучусу Азат Исраилов "Келечек+" КФ болуп калды. Ал 2008-жылдан 2011-
жылга чейин Big Lottery финансылык колдоосу алдында ХелсПромдун " КР дагы өзгөчө
муктаждыгы бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо" (Улуу Британия)
долбоорунун улуттук менеджери болуп иштеген. Долбоор Бишкектеги АРДИде жана
Ысык-Көл областынын Бөкөмбаево айылында "Шоола Көл" КБ ишке ашырылган.
АРДИнин публикациялары
20 жылдык ишмердүүлүгүндө АРДИ усулчу-уюм болуп калды жана төмөнкү
публикацияларды жарыялады:
1. Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн
кызмат көргөзүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн нускама. ("Сорос-
Кыргызстан" Фондунун 2014-жылдагы Билим берүү реформасы программасын
финансылык колдоо алдында.
2. "Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн
мамлекеттик кызмат көргөзүүгө жетки" ата-энелер үчүн нускама. ("Сорос-
Кыргызстан" Фондунун 2014-жылдагы Билим берүү реформасы программасын
финансылык колдоо алдында).
3. Ченемдик-укуктук актылардын жыйнагы. ("Сорос-Кыргызстан" Фондунун 2014-
жылдагы Билим берүү реформасы программасын финансылык колдоо алдында).
4. Өнүгүүсүндөгү оор жана көптөгөн бузулуулары менен балдарды окутуучу
"Балдарды үйдө жана Майып-Балдардын Ата-энелеринин Ассоциациясынын
күндүзгү борборунда окутуунун методикасы жана программасы". документ
Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясы
каржылаган "Кыргыз Республикасынын майыптык жаатындагы мыйзамдары: адам
укугу жана анын негизги эркиндиктери аспектисинде мыйзамдардын жана укук
коргоо практикасынын проблемалуу аспектилерин" талдоо документ Кыргыз
Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясы каржылаган
2014 жылы.
5. Билим берүү стандарты - инклюзивдүү билим берүү үчүн негиз. ("Сорос-
Кыргызстан" Фондунун 2015-жылдагы Билим берүү реформасы программасын
финансылык колдоо алдында).
6. Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун кантип коргоо керек? Ата-
энелер үчүн нускама. (Адам укугу боюнча Кеңеш менен биргеликте, 2013-жыл)
7. Ата-энелер "Сорос-Кыргызстан" Фондунун 2012-жылдагы финансылык колдоо
алдындагы ата-энелер үчүн колдонмосун жана өз укуктарын билиши керек.
Социалдык тейлөөлөрдү өнүктүрүү жана "балдарды коомго кошууга" жардам
АРДИ 2009-жылы төмөнкү долбоордун жардамы менен АРДИнин Күндүзгү Борборун
негиздеди: Lottery финансылык колдоосу алдында ХелсПромдун "КРед өзгөчө
муктаждыгы бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо" (Улуу Британия).
Долбоор Бишкектеги АРДИде жана Ысык-Көл областынын Бөкөмбаев айылында "Шоола
Көл" КБ ишке ашырылган.
АРДИ майыптыгы бар 8 баланы окутуудан баштаган. Окутуунун учурунда майыптыгы
бар 87 бала билим алды, алардын көпчүлүгү акыл-эси бузулган балдар, о.э. көптөгөн
майыптыгы бар балдар да болгон: дене-мүчөлүк, акыл-эс жана психикалык жактан
кемчиликтери бар.
Ушул убакыттын ичинде акыл-эси жактан кемчиликтери бар 21 бала көмөктөшүүчү
мектептерге жана интеллекти сакталган 7 бала жалпы билим берүүчү мектептерге
жиберилген.
АРДИге жыл сайын майыптыгы бар балдары бар ата-энелерден ар кандай суроолор менен
120 дан көп адам жана майыптыгы бар 5 тен кем эмес жаштар кайрылышат. 20 жылдын
ичинде 2400 жеке консультация жана 100 кеңеш алган жаш адамдар. Статистикага
телефондук жана долбоордук кеңештер кирген жок.
АРДИнин окутуучу компоненти.
Окутуучу тренингдерди өткөрөбүз: укуктук жана социалдык окутуулар боюнча,
майыптыгы бар балдарды окутуу боюнча; тренингдердин минималдык саны бир жылда 3
жолу 15 адамдар - бир жылдын ичинде окуудан өткөн бардыгы 45 адам, алар майыптыгы
бар балдардын энелеринин 95% түзөт. 20 жыл ичиндеги статистика: 900 гө жакын ата-
энени окутушту, статистикага долбоорлор боюнча тренингдер кирбейт.
Акыркы 3 жылдын ичинде эле ЖОЖго майыптыгы бар 3 бала окууга өттү: 1 адам
бюджеттик негизде жана экөө келишимдик бөлүмгө 50% арзандатуу алышты.
Жыл сайын жок дегенде эки бала мектепке, анын ичинде үй окуусуна барышат. 20
жылдын ичинде бардыгы болуп 40 тан ашык бала Бишкек шаарынын жалпы билим
берүүчү мектептеринде окуу мүмкүндүгүн алышты.
Ата-энелердин эмгегин төлөө
АРДИ өзү иштеген 20 жылдын ичинде майыптыгы бар, өзгөчө майыптыктын оор түрү
менен жабыркаган балдарга кам көргөнү үчүн ата-энелердин эмгегин төлөп берүү
маселесин көтөрүп келет. Акыркы 5 жылдын ичинде алга жылуу болду: ата-энелердин
колдору чогултулуп, талкуу өткөрүлдү жана 2010-жылы жумушчу топ түзүлдү, ал КР
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги алдында Жобонун
долбоорун иштеп чыкты жана бул багыттагы ишмердүүлүк уланып жатат.
Лидерлерди жана коомдук активисттерди өнүктүрүү
АРДИ өз уясынан бир гана лидер-ата-энелерди эмес, лидер жана коомдук активисттерге
айланган балдарды да учуруп чыгарды, ал балдар өз жашоосунда ийгиликтерге жете
алышты. Мисалы:
 Үкөй Мураталиева, АРДИ менен ал негизделгенден баштап иштешет, 2007-жылдан баштап
өзү негиздеген "Назик кыз" коомдук уюмун жетектейт.
 Нурмухамедова Рената, өзүндө бийлөө таланты бар экенин көрүп, АРДИнин жана
Кыргызстандагы Save the Children балдарды коргоо боюнча ар кайсы иш чараларында
активдүү катышып баштаган.
 Гүлбарчын Сүйүнбаева, өзүнүн ырлары менен белгилүү болуп баштаган жаш кыздардын
бири, ал 2004-жылы Айдай Черикбаева менен Түркияга барып келди, анын жашоосу жана
жеткен жетишкендиктери жөнүндө "Вечерний Бишкек" гезитинде бир нече жолу жазып
чыгышты.
 Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен кызматташкан 3 жигит 2014-жылы
Дубай шаарындагы Жайкы Лагерге барып келишти.
 Айкерим Бообекова, 2013-жылы Кореяга барып келди, ал көптү үмүттөндүргөн кыз жана
өз мамлекетине көп пайда алып келет.
Ошентип, 20 жылдын ичинде АРДИ Кыргыз Республикасындагы алдыңкы коомдук
уюмдардын бири болуп калды жана ар кайсы деңгээлдерде жана аянттарда майыптыгы
бар балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктары жана эркиндиктери үчүн күрөшүп
келет, алардын ишмердүүлүгү өз миссиясын аткарууда: Майыптыгы бар балдарды коомго
"кошууга" көмөк көргөзүү жана алар үчүн Кыргызстанда майыптыгы бар балдар жана
алардын ата-энелерин калыбына келтирүү аркылуу бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү,
алардын укуктарын коргоо жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу, потенциалын жана
жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүү.
******
АРДИ туурасында кенен маалымат расмий сайтта: http://www.kelechek.kg/
Facebook (фейсбукта) https://www.facebook.com/Association-of-Parents-of-Disabled-
Children-189771234394095/?ref=aymt_homepage_panel
АРДИнин презентациялары http://www.slideshare.net/ardikyrgyzstan жана
http://www.slideshare.net/search/slideshow?searchfrom=header&q=%D0%90%D0%A0%D0%9
4%D0%98

Más contenido relacionado

Destacado

Garrett Hess-global climate change
Garrett Hess-global climate changeGarrett Hess-global climate change
Garrett Hess-global climate change
Garrett Hess
 
Yachay 23
Yachay 23Yachay 23
Yachay 23
Jean Px
 
Yachay 24
Yachay 24Yachay 24
Yachay 24
Jean Px
 

Destacado (12)

Holi Infographic
Holi InfographicHoli Infographic
Holi Infographic
 
Metafísica da saúde
Metafísica da saúdeMetafísica da saúde
Metafísica da saúde
 
Guia servicios al cliente canales digitales
Guia servicios al cliente canales digitalesGuia servicios al cliente canales digitales
Guia servicios al cliente canales digitales
 
FDI in Examination of China and India
FDI in Examination of China and IndiaFDI in Examination of China and India
FDI in Examination of China and India
 
Analisis de riesgos de empresa
Analisis de riesgos de empresaAnalisis de riesgos de empresa
Analisis de riesgos de empresa
 
Recomendaciones por un turismo accesible OMT
Recomendaciones por un turismo accesible OMTRecomendaciones por un turismo accesible OMT
Recomendaciones por un turismo accesible OMT
 
Lotería ppt
Lotería pptLotería ppt
Lotería ppt
 
Develop a simple equation to calculate the heat loss due to flue gases in boiler
Develop a simple equation to calculate the heat loss due to flue gases in boilerDevelop a simple equation to calculate the heat loss due to flue gases in boiler
Develop a simple equation to calculate the heat loss due to flue gases in boiler
 
Garrett Hess-global climate change
Garrett Hess-global climate changeGarrett Hess-global climate change
Garrett Hess-global climate change
 
Yachay 23
Yachay 23Yachay 23
Yachay 23
 
Yachay 24
Yachay 24Yachay 24
Yachay 24
 
Sistemas de Conmutación: Evaluación de prestaciones y dimensionado I
Sistemas de Conmutación: Evaluación de prestaciones y dimensionado ISistemas de Conmutación: Evaluación de prestaciones y dimensionado I
Sistemas de Conmutación: Evaluación de prestaciones y dimensionado I
 

Más de «The Public Organization of Parents of Children with Disabilities "ARDI".

Más de «The Public Organization of Parents of Children with Disabilities "ARDI". (20)

о результатах деятельности арди за 2015 2016гг.
о результатах деятельности арди за 2015 2016гг.о результатах деятельности арди за 2015 2016гг.
о результатах деятельности арди за 2015 2016гг.
 
итоговый отчет арди Eng
итоговый отчет арди Engитоговый отчет арди Eng
итоговый отчет арди Eng
 
результаты арди за 20 лет
результаты арди за 20 летрезультаты арди за 20 лет
результаты арди за 20 лет
 
итоговый отчет.Docx сделанный арди 30.12.2015г.
итоговый отчет.Docx сделанный арди 30.12.2015г.итоговый отчет.Docx сделанный арди 30.12.2015г.
итоговый отчет.Docx сделанный арди 30.12.2015г.
 
инф.бюл. №18
инф.бюл. №18инф.бюл. №18
инф.бюл. №18
 
инф.бюл.№17
инф.бюл.№17инф.бюл.№17
инф.бюл.№17
 
инф.бюл. №16 пв
инф.бюл. №16 пвинф.бюл. №16 пв
инф.бюл. №16 пв
 
материалы инф.бюллет.№14
материалы инф.бюллет.№14материалы инф.бюллет.№14
материалы инф.бюллет.№14
 
материалы инф.бюллет. №15
материалы инф.бюллет. №15материалы инф.бюллет. №15
материалы инф.бюллет. №15
 
материалы инф.бюллет. №13
материалы инф.бюллет. №13материалы инф.бюллет. №13
материалы инф.бюллет. №13
 
информационный бюллетень № 11
информационный бюллетень № 11информационный бюллетень № 11
информационный бюллетень № 11
 
информационный бюллетень № 11
информационный бюллетень № 11информационный бюллетень № 11
информационный бюллетень № 11
 
инф.бюллетень №10
инф.бюллетень №10инф.бюллетень №10
инф.бюллетень №10
 
информац.бюллетень № 9
информац.бюллетень № 9информац.бюллетень № 9
информац.бюллетень № 9
 
инф.бюллетень №8 жанырык
инф.бюллетень №8  жанырыкинф.бюллетень №8  жанырык
инф.бюллетень №8 жанырык
 
270314 информационный бюллетень сети жанырык no.1
270314 информационный бюллетень сети жанырык no.1 270314 информационный бюллетень сети жанырык no.1
270314 информационный бюллетень сети жанырык no.1
 
081514 иб №3 август 2014_ жанырык
081514 иб №3 август 2014_ жанырык081514 иб №3 август 2014_ жанырык
081514 иб №3 август 2014_ жанырык
 
презентация оф скр(1)
презентация оф скр(1)презентация оф скр(1)
презентация оф скр(1)
 
проект икко.Pptx арди
проект икко.Pptx ардипроект икко.Pptx арди
проект икко.Pptx арди
 
защита прав арди 18.12.15г..pptx_revised version
защита прав  арди  18.12.15г..pptx_revised versionзащита прав  арди  18.12.15г..pptx_revised version
защита прав арди 18.12.15г..pptx_revised version
 

результаты арди за 20 лет

  • 1. "Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы" коомдук бирикмесинин (АРДИ) (мындан ары текст боюнча - АРДИ) 20 жыл ичиндеги жыйынтыктары. Коомдук секторду өнүктүрүү Ачылгандан бери АРДИ майыптык жаатында эксперттик уюм болууга жетише алды. Өзгөчө майып балдары бар ата-энелерди мобилизациялоодо жана жаңы ачылган уюмдарды колдоодо жагында. АРДИнин тажрыйбасынын аркасында Жалал-Абад шаарында «Луч солнца» («Күн нуру») КФ, Бишкек шаарында «Луч добра» («Боорукердиктин нуру») КБ, «Жаңы Башат» КБ, «Мечта ребенка» («Бала кыялы») КБ, Чүй областында «Особый ребенок» («Өзгөчө бала») КБ, Талас шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо боюнча коомдук уюм негизделген. Талас областында Everychild менен өнөктөштүктө 5 уюм жана майыптык менен иш алып барган башка ата- энелердин коомдук уюмдары кеңештерди алышып, өздөрүнүн коомдук уюмдарын негиздөө үчүн уставдык документтерин колдонушту. 2015-жылы 11-декабрда АРДИнин 20-жылдык мааракесинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо боюнча Нарындагы ата-энелердин коомдук уюмдун төрайымы Шарапат Актанова мындай деди: "Майып балдардын ата-энелери толук изоляцияда калып, эмне кылаарын билбей калышканда, Тамара Жумабекова коомдук уюм түзүү менен ата-энелерди бириктирди. Өздөрүнүн көйгөйлөрү жана мүдөөлөрү менен майып балдардын ата-энелери АРДИге мурда да, азыр да келишет. Мен жөнөкөй энеден активист, андан сырткары, АРДИнин төрайымынын орун басары болдум, кийинчерээк Нарын областына көчүп барып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо боюнча Нарындагы ата-энелердин коомдук уюмун ачтым, уюм ачылганына быйыл 15 жыл болот. «Саламатсыңарбы АРДИнин кызматкерлери! Сиздерди 20 жылдык юбилейиңер менен куттуктаймын! Айрыкча менин жана башка көптөгөн ата-энелердин сиздерден өсүп чыкканы, көп нерселерди айтып турат. Союз кулагандан кийинки жылдары, эл каякка бараарын билбей тургандагы учурлар, жетип-жетпеген заман болуп, кыйналган учурда, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар жана ата-энелер үчүн чоң стимул бергенсиздер. Ата- энелер балдары учун кам көрүшүп, алгачкы окуу-семинарлардан өтүшүп, гуманитардык көптөгөн жардамдарды алганбыз. АРДИнин Кыргызстан учун жасаган эмгектери көп, мындан тышкары чет мамлекеттерге чейин атыңар угулууда. Дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратып, аман-эсен жүрө беришиңерге тилектешмин. Айрыкча Тамара Жумабекованын энелик эмгеги зор, Зейнеп Дыйканбаева кылып өстүргөн кызы да биз үчүн сыймык, үлгү катары. Дагы көптөгөн сөздөрдү айтат элем убактым жок. Чын дилден куттуктаймын» Шарапат Актанова Нарын. Кызыл-Кыя шаарындагы "Луч солнца" («Күн нуру») КФ директору Халбаева Светлана. Светлана Халбаева: "Азаматсыңар АРДИ, биздин фонддун иштеринин башатын сиздер ачтыңыздар, рахмат!!!" "Рука в Руке" («Колдогу Кол») КБ өзү негизделгенге чейин АРДИнин Күндүзгү Борборунда ата-энелерди окутуу жана аутизм суроолору боюнча кеңеш берүү боюнча ишмердүүлүк жүргүзүшкөн. "Рука в Руке" («Колдогу Кол») КБ жетекчиси жана "Жаңырык" тармагынын төрайымы Садыкова Жылдыз: "Сени жана АРДИнин бардык ынтымактуу жамаатын 20 жылдык мааракеси менен куттуктайм!!! Силерге мындан аркы иштеги ийгиликтерди каалайм, биз Сиздер менен сыймыктанабыз! Сиздер биздин өлкөдөгү ата-энелердин көптөгөн уюмдары
  • 2. үчүн мисал болуп саналасыздар. Сиздер биздин балдардын укуктары үчүн күрөшүп баштаган жана мыкты жетишкендиктерге жетишкен биринчилерден болуп калдыңыздар". Улуттук "Жаңырык" тармагына биригүү "Жаңырык" улуттук тармагы 2010-жылы АРДИнин демилгеси менен, ИККО Кооперейшен/Керк ин Актинин финансылык жана техникалык колдоосу алдында түзүлгөн. Жаңырык тармагы ИККОКЕРК в in Actie колдоого алган 31 уюмдан турат жана алар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана алардын ата-энелери/үй-бүлөлөрүнүн абалын жакшыртуу үчүн өз күчтөрүн бириктиришкен. Тармактын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда Калыбына келтирүүчү жана күндүзгү Борборлорду ачкан тармактын мүчөлөрү үчүн АРДИ тажрыйбасы боюнча мастер класстар, ошондой эле Жарандык Коом Борборлорунун Ассоциациясы (АЦПГО) өнөктөштүгү алдындагы Орто Азиядан келген кесиптештер үчүн мастер класстар өткөрүлгөн. Мыйзам чыгаруу деңгээлинде "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдык социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы №381 токтому менен, "Жаңырык" улуттук тармагынын долбоорунун алкагында, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, "Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы" КБ (АРДИ) менен өнөктөштүктө "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелердин потенциалын күчөтүү", ИККО Кооперейшн/Керк ин Актинин финансылык жана техникалык колдоосу алдында ишке ашырылган "Ар бир балага үй-бүлө" жана "Нур-Бала" кабыл алынды. Сорос-Кыргызстан фондунун финансылык колдоосу алдында "Билим берүү программасынын" алкагында "Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы" КБ нын (АРДИ) экинчи " Комплекстүү билим берүүчү башталыш - инклюзивдүү билим берүү үчүн негиз" долбоору ишке ашырылууда. Бул долбоордун алкагында "Майып балдар үчүн билим берүү стандарты" иштелип чыкты, ал азыркы учурда иштеп бүтүрүү этабында. Бул стандарт үчүн майып балдардын интеллектуалдык деңгээли негиз болуп калды. АРДИ майыптык боюнча жана башка маселелер менен ар кандай ченемдик-укуктук актыларга жана программаларга сунуштарды жана сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү, иштеп чыгуу, талкуулоо боюнча активдүү катышат. Акыркыларынын бири: 2015-2017-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоосун өнүктүрүүнүн стратегиясы. 2012-2014-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоосун өнүктүрүүнүн стратегиясы. Балдар туурасындагы кодекс, Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам туурасындагы Мыйзам долбоору (ГГЮП). Жарандык, жазык кодекстеринин ж.б. долбоорлору. АРДИ КР мыйзамдарын, "Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө" жана "Мамлекеттик социалдык тапшырык" мыйзам долбоорлорун жакшыртуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү. Демилгечи жана иштеп чыгуучу: КР коммерциялык эмес укуктун Эл аралык борбору. АРДИнин долбоорлору 20 жыл ичинде АРДИ майыптык боюнча 15 тен ашык долбоорду жүзөгө ашырды. Азыркы учурда "Сорос-Кыргызстан" Фондунун колдоосу алдында эки долбоорду ишке ашырууда.
  • 3. "Укуктук билимдүүлүк- мамлекеттин жана коомдун өнүгүүсүнө жол" долбоору "Сорос- Кыргызстан" Фондунун колдоосу алдында, "Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы" КБнын (АРДИ) "Укуктук программасынын" алкагында 2015-жылдын май айынан бери ишке ашырылууда. Долбоор туурасындагы маалымат: http://www.kelechek.kg/ru/news/dostupkinfo/ жана http://soros.kg/archives/16824 "Майып балдарды мектептин алдында даярдоо – инклюзивдүү билим берүүгө жол" долбоору, билим берүү программасынын алкагында. Долбоордун максаты: мектеп алдындагы даярдыктын атайын ылайыкташтырылган программасын иштеп чыгуу менен, майыптыгы бар балдарды мектепке чейинки курагынан баштап билим берүү чөйрөсүнө тартуу. Бул атайын ылайыкташтырылган программаны АРДИ Күндүзгү борборунда колдонуп көрүү жана Кыргызстандагы башка реабилатациялык борборлордо бул тажрыйбаны жайылтууга мүмкүндүк түзүү. Долбоор 2015-жылдын ноябрь айынан бери ишке ашырылууда жана долбоор боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө. АРДИнин изилдөө ишмердүүлүгү 20 жылдын ичинде АРДИ майыптуулук маселелери боюнча көптөгөн изилдөө иштерин жүргүздү. Мисалы, 2014-жылы 13-октябрдан 5-ноябрга чейин Адам укугу, конституциялык мыйзам жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин 16.09.2014- жылдагы чечими менен АРДИ Соттордун имараттары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү болушуна мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү болду. 2012-жылы июнь-июлда АРДИ ПРООНдун "Кыргыз Республикасындагы мектеп курагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды билим алууга жана кесиптик даярдоого жетки укугун кармоого мониторинг жүргүзүү" изилдөөсү боюнча тартылган эксперти болуп калды ж.б. Эл аралык деңгээлде АРДИ Disabled People International (DPI) менен кызматташтыкта БУУда майыптыгы бар адамдардын кызыкчылыгын коргоду, Кыргызстандагы майыптык маселелери боюнча докладчы катары чыкты жана Майыптыгы бар адамдардын укугу туурасында Конвенциянын мүчө-мамлекеттеринин Конференциясынын бардык программаларына катышты, Нью-Йорк, 2014-2015-жылдар, июнь айы. БУУ - майыптык жана майыптыгы бар адамдардын укугун ишке ашыруу, кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемелер аркылуу ала аласыздар: http://webtv.un.org/search/5th-meeting-convention-on-the-rights-of-persons-with- disabilities-conference-of-states-parties-7th-session/3619938992001 жана http://webtv.un.org/search/part-2-civil- society-global-forum/4285321709001?term=disability&languages=#full-text АРДИнин өкүлдөрү өз профессионалдуулугун дайыма жогорулатып турушат жана Финляндия, АКШ, Россия, Англия жана Японияда стажировкадан өтүп турушат, алган билимдерин, мыкты практикаларды жана тажрыйбасын АРДИнин ишмердүүлүгүндө колдонушат. Мисалы, майыптык боюнча стандарттарды жана программаларды иштеп чыгуу. АРДИ БУУнун Конвенциясынын активдүү жылдырат, башка коомдук уюмдар менен биргелешип бул маселе боюнча ар кандай иш чараларды өткөрөт. Мисалы, 2014-жылы 18- октябрда алтынчы - "Кайдыгерликке каршы жарыш" акциясы өткөрүлдү. Бул АРДИде жаралган "Жаңырык" Улуттук тармагынын эгидасы алдында өттү, анын идеялык шыктандыруучусу Азат Исраилов "Келечек+" КФ болуп калды. Ал 2008-жылдан 2011- жылга чейин Big Lottery финансылык колдоосу алдында ХелсПромдун " КР дагы өзгөчө муктаждыгы бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо" (Улуу Британия) долбоорунун улуттук менеджери болуп иштеген. Долбоор Бишкектеги АРДИде жана Ысык-Көл областынын Бөкөмбаево айылында "Шоола Көл" КБ ишке ашырылган.
  • 4. АРДИнин публикациялары 20 жылдык ишмердүүлүгүндө АРДИ усулчу-уюм болуп калды жана төмөнкү публикацияларды жарыялады: 1. Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн кызмат көргөзүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн нускама. ("Сорос- Кыргызстан" Фондунун 2014-жылдагы Билим берүү реформасы программасын финансылык колдоо алдында. 2. "Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн мамлекеттик кызмат көргөзүүгө жетки" ата-энелер үчүн нускама. ("Сорос- Кыргызстан" Фондунун 2014-жылдагы Билим берүү реформасы программасын финансылык колдоо алдында). 3. Ченемдик-укуктук актылардын жыйнагы. ("Сорос-Кыргызстан" Фондунун 2014- жылдагы Билим берүү реформасы программасын финансылык колдоо алдында). 4. Өнүгүүсүндөгү оор жана көптөгөн бузулуулары менен балдарды окутуучу "Балдарды үйдө жана Майып-Балдардын Ата-энелеринин Ассоциациясынын күндүзгү борборунда окутуунун методикасы жана программасы". документ Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясы каржылаган "Кыргыз Республикасынын майыптык жаатындагы мыйзамдары: адам укугу жана анын негизги эркиндиктери аспектисинде мыйзамдардын жана укук коргоо практикасынын проблемалуу аспектилерин" талдоо документ Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясы каржылаган 2014 жылы. 5. Билим берүү стандарты - инклюзивдүү билим берүү үчүн негиз. ("Сорос- Кыргызстан" Фондунун 2015-жылдагы Билим берүү реформасы программасын финансылык колдоо алдында). 6. Ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун кантип коргоо керек? Ата- энелер үчүн нускама. (Адам укугу боюнча Кеңеш менен биргеликте, 2013-жыл) 7. Ата-энелер "Сорос-Кыргызстан" Фондунун 2012-жылдагы финансылык колдоо алдындагы ата-энелер үчүн колдонмосун жана өз укуктарын билиши керек. Социалдык тейлөөлөрдү өнүктүрүү жана "балдарды коомго кошууга" жардам АРДИ 2009-жылы төмөнкү долбоордун жардамы менен АРДИнин Күндүзгү Борборун негиздеди: Lottery финансылык колдоосу алдында ХелсПромдун "КРед өзгөчө муктаждыгы бар балдарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо" (Улуу Британия). Долбоор Бишкектеги АРДИде жана Ысык-Көл областынын Бөкөмбаев айылында "Шоола Көл" КБ ишке ашырылган. АРДИ майыптыгы бар 8 баланы окутуудан баштаган. Окутуунун учурунда майыптыгы бар 87 бала билим алды, алардын көпчүлүгү акыл-эси бузулган балдар, о.э. көптөгөн майыптыгы бар балдар да болгон: дене-мүчөлүк, акыл-эс жана психикалык жактан кемчиликтери бар. Ушул убакыттын ичинде акыл-эси жактан кемчиликтери бар 21 бала көмөктөшүүчү мектептерге жана интеллекти сакталган 7 бала жалпы билим берүүчү мектептерге жиберилген. АРДИге жыл сайын майыптыгы бар балдары бар ата-энелерден ар кандай суроолор менен 120 дан көп адам жана майыптыгы бар 5 тен кем эмес жаштар кайрылышат. 20 жылдын ичинде 2400 жеке консультация жана 100 кеңеш алган жаш адамдар. Статистикага телефондук жана долбоордук кеңештер кирген жок. АРДИнин окутуучу компоненти.
  • 5. Окутуучу тренингдерди өткөрөбүз: укуктук жана социалдык окутуулар боюнча, майыптыгы бар балдарды окутуу боюнча; тренингдердин минималдык саны бир жылда 3 жолу 15 адамдар - бир жылдын ичинде окуудан өткөн бардыгы 45 адам, алар майыптыгы бар балдардын энелеринин 95% түзөт. 20 жыл ичиндеги статистика: 900 гө жакын ата- энени окутушту, статистикага долбоорлор боюнча тренингдер кирбейт. Акыркы 3 жылдын ичинде эле ЖОЖго майыптыгы бар 3 бала окууга өттү: 1 адам бюджеттик негизде жана экөө келишимдик бөлүмгө 50% арзандатуу алышты. Жыл сайын жок дегенде эки бала мектепке, анын ичинде үй окуусуна барышат. 20 жылдын ичинде бардыгы болуп 40 тан ашык бала Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуу мүмкүндүгүн алышты. Ата-энелердин эмгегин төлөө АРДИ өзү иштеген 20 жылдын ичинде майыптыгы бар, өзгөчө майыптыктын оор түрү менен жабыркаган балдарга кам көргөнү үчүн ата-энелердин эмгегин төлөп берүү маселесин көтөрүп келет. Акыркы 5 жылдын ичинде алга жылуу болду: ата-энелердин колдору чогултулуп, талкуу өткөрүлдү жана 2010-жылы жумушчу топ түзүлдү, ал КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги алдында Жобонун долбоорун иштеп чыкты жана бул багыттагы ишмердүүлүк уланып жатат. Лидерлерди жана коомдук активисттерди өнүктүрүү АРДИ өз уясынан бир гана лидер-ата-энелерди эмес, лидер жана коомдук активисттерге айланган балдарды да учуруп чыгарды, ал балдар өз жашоосунда ийгиликтерге жете алышты. Мисалы:  Үкөй Мураталиева, АРДИ менен ал негизделгенден баштап иштешет, 2007-жылдан баштап өзү негиздеген "Назик кыз" коомдук уюмун жетектейт.  Нурмухамедова Рената, өзүндө бийлөө таланты бар экенин көрүп, АРДИнин жана Кыргызстандагы Save the Children балдарды коргоо боюнча ар кайсы иш чараларында активдүү катышып баштаган.  Гүлбарчын Сүйүнбаева, өзүнүн ырлары менен белгилүү болуп баштаган жаш кыздардын бири, ал 2004-жылы Айдай Черикбаева менен Түркияга барып келди, анын жашоосу жана жеткен жетишкендиктери жөнүндө "Вечерний Бишкек" гезитинде бир нече жолу жазып чыгышты.  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен кызматташкан 3 жигит 2014-жылы Дубай шаарындагы Жайкы Лагерге барып келишти.  Айкерим Бообекова, 2013-жылы Кореяга барып келди, ал көптү үмүттөндүргөн кыз жана өз мамлекетине көп пайда алып келет. Ошентип, 20 жылдын ичинде АРДИ Кыргыз Республикасындагы алдыңкы коомдук уюмдардын бири болуп калды жана ар кайсы деңгээлдерде жана аянттарда майыптыгы бар балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктары жана эркиндиктери үчүн күрөшүп келет, алардын ишмердүүлүгү өз миссиясын аткарууда: Майыптыгы бар балдарды коомго "кошууга" көмөк көргөзүү жана алар үчүн Кыргызстанда майыптыгы бар балдар жана алардын ата-энелерин калыбына келтирүү аркылуу бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, алардын укуктарын коргоо жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу, потенциалын жана жарандык активдүүлүгүн өнүктүрүү. ****** АРДИ туурасында кенен маалымат расмий сайтта: http://www.kelechek.kg/ Facebook (фейсбукта) https://www.facebook.com/Association-of-Parents-of-Disabled- Children-189771234394095/?ref=aymt_homepage_panel
  • 6. АРДИнин презентациялары http://www.slideshare.net/ardikyrgyzstan жана http://www.slideshare.net/search/slideshow?searchfrom=header&q=%D0%90%D0%A0%D0%9 4%D0%98